Кыргызстандагы археологиялык иш процесси жөнгө салынууда

Жогорку Кеңеште 9-октябрда өлкөдөгү археологиялык иш жүрүмүн ыраатташтыруу жана ыкчамдатуу чараларын жөнгө салуу үчүн иштелип чыккан мыйзам долбоору каралып, үчүнчү окууда добуш берүүгө жиберилди.

Баяндамачылардын айтымында, сунушталып жаткан мыйзам долбоорунда Кыргызстан аймагындагы тарыхый жана маданий баалуулукка ээ болгон жайларды коргоонун жана аларды пайдалануунун укуктук ченемдери камтылган. Ар кандай археологиялык иликтөө иштери атайын уруксат берилген жерлерде гана жүргүзүлүүгө тийиш.

Ар кандай курулуштарды кура турган уюмдар адегенде ал жерде тарыхый жана маданий жайлардын бар-жок экенин аныктай турган археологиялык илитөөлөрдү жүргүзүүгө милдеттендирилип жатат. Андай иликтөө иштери буюртма ээсинин эсебинен аткарылат. Ал эми археологиялык иликтөөлөргө ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан Улуттук академиянын адис кызматкерлери менен бирдикте байкоо жүргүзүлөт.

Андан сырткары археологиялык казуу, тарыхый жана маданий эстеликтерди калыбына келтирүү иштерин жүргүзүүгө уруксат берүү жол-жоболорун өкмөткө тапшыруу сунушу киргизилип жатат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан