"Өлкөгө инвестиция тартууга жалгыз гана президент Алмазбек Атамбаев аракет кылып жатат. Өкмөт эч кандай жумуш жасаган жок",- дейт депутат Тынчтык Шайназаров. Депутат бул тууралуу бүгүн, 9- октябрда парламент жыйынында айтты. Шайназаров өкмөт бекиткен тариф саясатына токтолду. "Жакында Бишкек шаардык соту өкмөттүн 3 фазалуу абоненттерге электр энергиясынын баасы 1 сом 20 тыйын болот деген чечимин жокко чыгарып койду. Өкмөт эмнеге карап отуруп алды? Өкмөттө юридикалык бөлүм бар. Эгер мыйзамсыз фактыларды өз убагында жокко чыгара албаса, юридикалык бөлүм эмне кылып отурат?"- деп билдирди ал.