Депутат Нурлан Төрөбековго козголгон кылмыш иши боюнча депутаттык комиссия түзүлдү

Жогорку Кеңештин депутаты Нурлан Төрөбековго козголгон кылмыш иши боюнча депутаттык комиссия түзүлдү. Мындай чечим бүгүн, 9-октябрда парламенттин жыйынында кабыл алынды. Ага ар бир фракциядан бирден депутат кирди. “Ар-намыс” фракциясынан Бөдөш Мамырова, “Ата Мекен” фракциясынан Райкан Төлөгөнов, “Ата Журттан” Кантемир Мурзабеков, КСДПдан Мурадыл Мадеминов, “Республикадан” Курманбек Дыйканбаев кирди.

Эскерте кетсек, Нурлан Төрөбековго "жасалма диплом пайдалануу" фактысы боюнча Башкы прокуратура сентябрдын аягында кылмыш ишин ачкан эле. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан