Жогорку Кеңештин 9-октябрдагы жыйынында эл өкүлдөрү борбор калаадагы баш аламан курулуштарга байланышкан көйгөйлөрдү көтөрдү. Парламент төрагасы Асылбек Жээнбенков өкмөт башчы Жоомарт Оторбаев өзү өлкөдө жүргүзүлүп жаткан курулуштарды көзөмөлгө алышы керектигин билдирди. “Бөлөк мамлекеттерде премьер-министр өзү борбор калаанын архитектурасын, генералдык планын көзөмөлдөйт. Бизде андай эмес, баш аламандык болуп жатат. Бизде ишкерлер кандай үй саларын аныктап, архитектура менен чечип коёт. Ошон үчүн өкмөт башчысы борбор калаанын курулушун көзөмөлдөшү зарыл. Керек болсо айыл жергесинде курулуп жаткан үйлөрдүн архитектурасын да көзөмөлдөсүн. Баш аламан жүргүзүлүп жаткан курулуштар боюнча тармактык комитетте жумушчу тобу түзүлүп, иштеп жатат. Сиздерде дагы сунуштар болсо бериңиздер, керек болсо өзүңүздөр дагы чогуу иштеңиздер”,- дейт ал.