Чиновниктерге улуттук орнаменти бар кийим кийгизүү демилгесин депутаттар талашып-тартышууда

Кыргызстандын чиновниктерин эл аралык расмий жолугушууларда улуттук колоритти чагылдырган элементи бар кийим кийүүгө милдеттендире турган мыйзам долбоору депутаттардын кызуу талкуусуна алынды. Демилгечи депутат Дамира Ниязалиеванын айтымында, чет өлкөгө чыккан мамлекеттик ишмер улуттук жактан өзгөчөлөнүп турууга тийиш. "Бул жерде "чиновник улуттук кийим кийсин" деген норма жок. Кийимде улуттук колоритти чагылдырган элемент болсун деп жатабыз. Балким, моюн орогучка, галстукка же көйнөктүн жакасына саймалар түшүрүлөт. Муну өкмөт иштеп чыгат",- деди Ниязалиева.  
Мындай сунушка депутат Ирина Карамушкина каршы чыкты. "Мен мыйзам долбоорун колдобойм, анткени биздин укукту чектеп жатат. Кандай кийим кийип барууну тандоо укугубуз жок болуп калууда",- дейт Карамушкина.
Көпчүлүк депутаттар демилгени колдоого алышты.  
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан