Эльвира Сариева: "Мугалимдик кесипти өз ишине берилген, мыкты адамдар аркалайт"

Бүгүн, 9-октябрда Кыргыз Республикасынын Вице-премьер-министри Эльвира Сариева Кыргыз Республикасынын билим берүү кызматкерлеринин күнүнө арналган салтанаттуу жыйынга катышты.

Жыйын учурунда вице-премьер-министр Эльвира Сариева бир катар билим берүү кызматкерлерине Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Ардак грамоталарын тапшырды.

Алсак, Ардак грамоталар М.Рыскулбеков атындагы Кыргыз экономикалык университетинин лицейинин директору Гүлнара Узбековага, М.Рыскулбеков атындагы Кыргыз экономикалык университетинин Экономика жана сервис колледжинин директору Гүланда Шадыкановага, Бишкек шаарынын №70-мектеп-гимназиясынын директору Чолпон Жунушевага, Бишкек шаарынын №2-орто мектебинин директору Чынара Маразыковага ыйгарылды.

Вице-премьер-министр билим берүү кызматкерлерине кайрылууда өлкөнүн жалпы мугалимдерин кыргыз өкмөтүнүн атынан кесиптик майрамы – Билим берүү кызматкерлеринин күнү менен куттуктады.

"Мугалимдик кесип ардактуу, ал терең билимди, кесипкөйлүктү гана эмес, күнүмдүк изденүүнү, чыдамкайлыкты, ар бир адамга өз алдынча мамиле кылууну талап кылат. Дал ушуга байланыштуу мугалимдик кесипти өз ишине берилген, мыкты адамдар аркалай алат",- деп белгиледи вице-премьер-министр.

Сөзүнүн жыйынтыгында Эльвира Сариева белгилегендей, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү мугалимдер үчүн татыктуу эмгек жана жашоо шартын түзүүдөгү өз милдетин түшүнөт жана КР Билим берүү жана илим министрлиги менен биргеликте мектептик билим берүүнү каржылоонун жаңы кадамдарын иштеп чыгууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан