Токтогулдук аял 14 жаштагы мурунку кайын сиңдисин эки адамга кармап берип зордуктаткандыгы ачыкталды

Токтогулдук аял 14 жаштагы мурунку кайын сиңдисин эки адамга кармап берип зордуктаткандыгы ачыкталды. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБинин басма сөз кызматы бүгүн, 9-октябрда билдирди.

Маалыматтарга караганда, Токтогул РИИБине 43 жаштагы жергиликтүү тургун кайрылып, базарга жөнөткөн 14 жаштагы Айсулуу аттуу кызы дайынсыз жоголуп жаткандыгын кабарлаган. Бул боюнча ыкчам аракеттер жүргүзүлүп, издөө иштери башталган. Издөө учурунда базарда соода кылган жарандар Айсулууну ал күнү көрүшпөгөнүн айтышкан.

Бирок айрым күбөлөр Айсулуунун кичи автобуска түшүп кеткенин көрүшкөнүн айтышкан. Аталган кичи автобус жана анын айдоочусу табылып, бирок ал кызды башка жүргүнчүлөр менен чогуу эле жеткиргендигин айткан. Тынымсыз жүргүзүлгөн издөө иштеринде ошол күнү Айсулуу базарда бейтааныш адам менен жүргөнүн көргөн күбөлөр табылган. Аталган аялды табуу үчүн атайын аракеттер көрүлүп жатканда, Айсулуунун апасы милиция кызматкерлерине телефон чалып, кызы кийимдери айрылып-тытылып үйүнө келгенин кабарлаган.

Укук коргоо органдары барганда Айсулуу ошол күнү базарда байкесинин мурунку аялы болгон Наргиза менен жолугуп калгандыгын айткан. Наргиза Айсулууну алдап өзү жашаган коңшу айылга алып барган. Ал жерден өзүнүн эки таанышын чакырып, алар менен арак ичип баштаган. Кийин Наргиза тааныштарына Айсулууну зордуктап коюу сунушун киргизип, бирок кыйкырык ызы-чууну коңшулар угуп калбаш үчүн кызды айыл четиндеги көлмөнү көздөй алып кетишкен. Көлмө жээгинде алар Айсулууга күч колдонуп, кыйнап сыра ичиришкен. Наргиза анын тааныштары 14 жаштагы кызды зордуктоого даай албай жатканын көрүп, Айсулууну эки-үч ирет чаап жиберген. Мындан соң 40 жаштагы Азат аттуу Наргизанын таанышы Айсулууга күч колдонуп, аны зордуктап баштаган, анын досу кыздын оозун жаап, колун кармап берген. Бир нече саат бою алар Айсулууну зордукташып, таң атканда аны көлмө жээгине таштап кетишкен.

Айсулуунун билдирүүсүнүн негизинде аны зордуктаган 2 адам дароо кармалып, убактылуу кармоочу жайга камалган. Ал эми Айсулууну алдап барып, кармап берген мурунку жеңеси Наргиза качып кеткен. Учурда аны издөө иштери жүрүүдө. Алдын ала маалыматтарга караганда, Айсулуунун байкеси менен ажырашып кеткен Наргиза мындай жол менен өч алууну максат кылган болушу мүмкүн экендиги айтылууда.     

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (31)
snegurochka11
2014-10-10 11:06:58
Эки аяктуу айбандар кобойду го,бычып туруп колу-бутун байлап,кунго ыргытып жибериш керек акмактарды!Курт-кумурскага тируулой жем болушсун зоокурлор!
0
ulushka
2014-10-10 11:45:14
Катуу чарам коруш керек болуп калды биздин укук коргоо органдарына. Олум жазасын киргизиш керек, зордуктоо, адам олтуруу жана наркотик сатууга ошондой чарам корбосо болбойт
0
MARINA78
2014-10-10 12:05:18
Башкалар учун эмнеге кичинекей кыз жооп бериш керек байкуш кызга аябай боорум ооруп кетти элестетип алып берки айбандарга олум жазасы да аздык кылат алар учун эн оор эн кыйын жаза деле аздык кылат кудайым озу аларды жазаласын
+2
aigulai
2014-10-10 13:28:01
Милициялар ошол аялды кармап туруп, эркектердин турмосуно бир кун таштап койсо жакшы болот эле
0
farhatova9389
2014-10-10 16:06:12
аллахым жазасын берсин
0
Jiide.8792
2014-10-10 16:14:12
тиги14 жаштагы кыздын агасы да жон журбогон немедирда жон жерден женеси бундай кадамга барбаса керек может агасы женесин зордуктап камаласын десе уйлонуп бир аз жашагандан кийин ажырашса керекта. Кыз кордосон, карындашын кордолот же кызын кор болот
+1
tynara1983
2014-10-11 07:56:40
Jiide.8792, Туура айтасын ошончо очоштургудой бир иш кылган агасы! Биздин соттордун алсыздыгынан ушул ишке барып оздору наказайтетип атышат !!!
0
WINNER
2014-10-10 19:55:07
Жийде туура айтат. Зордуктоого чейинки алардынжашоосу бизге карангы. Эмне болсода эчким жазасыз калбайт!
+1
restreppo
2014-10-10 19:59:36
бул зоокурлордун зонадагы жашоосу жаман болот,братва уже в курсе,,,,,,,,
0
sherzatik
2014-10-10 22:47:42
Зордуктаган адамдарга катуураак мыйзам киргизуу керек мамлекет.Булардын жазасы женил ошондуктан мындайлар кобойуп кетти.Эл алдында жазалоо жана абактагы моонотун узартуу керек.Бул кыздын эртенки жашоосу кандай болот аны ойлошкон жок айбандар.
0
elgiz0890
2014-10-10 23:29:28
балык башынан сасыйт демекчи бизде ошол бай манап аткаминерлерге акча болсо болду элдин тагдырын урупда ойнобойт каттуу чара корбосо эртен модага айландырып алышат биздеги законду эч бири тоготпойт акча мн чыгарып жиберет анан акча берсем чыгып кетемда деп ойуна келген ишти кылышат
0
miss2014
2014-10-10 23:52:04
Башын жегир эшектер ушундай наадандарды жер кантип которуп журот,байкуш кыз да не куноо турмушун куруп кете алыбаса,Алла Таалам шыпа берип эртээрек озуно келсин багын ачып
0
dina
2014-10-11 03:22:52
Кыздын апасы келинге жамандык кылса керек, билбегенден кийин бир нерсе деш кыйын. Ичине күйүт толгон келин оюна келгенин кылып өч алам деди, эми өз жашоосу менен кошо эки эркектики да талкалады. Жараткандан ыймаанды гана тилеп калдык. Бирөөнүн жашоосун билбей туруп сындабайлы, эртенки күнүбүздү биз дагы билбейбиз. Бирок жасалган иш үчүн жаза сөзсүз берилиши керек.
+2
dorboljunov
2014-10-11 11:38:16
Бычып салуу же ушундай сыяктуу катуу жазалар колдонулбаса кыйын болуп бара жатат...ушундайларды угуп,коруп алып Сталиндин отуп кеткенине кейип кетем...кимди эле аяп же кимден коркуп жаза кабыл албай кыздарыбызды кордотуп жатабыз тушунбойм.
0
maks93
2014-10-11 12:55:05
Баардыгынан байкуш кызга кыйын болду Аллах ага жардам берсин.
0
Patrik
2014-10-11 14:09:18
Касамкор
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан