Бүгүн, 9-октябрда өлкөнүн энергетика жана өнөр жай министри Осмонбек Артыкбаев (сүрөттө) кызматынан кетүүгө арыз жазды. Бул тууралуу SUPER.KG порталына парламент депутаты Кожобек Рыспаев маалымдады.
Артыкбаев бул кызматты 2013-жылдын 22-майынан бери аркалап келген.
Эскерте кетсек, бүгүн президент Алмазбек Атамбаев энергетикадагы кырдаал боюнча билдирүү жасап, анда Энергетика жана өнөр жай министрлиги жаңы, иш билги жетекчиге муктаж экенин айткан эле.