Ажылык сапарда жүргөн дагы бир кыргызстандык жаран каза болду

Сауд Арабиясында ажылык сапарда жүргөн кыргызстандык жаран (мырза) каза болду. Бул тууралуу муфтияттын өкүлү Марат ажы Усупов бүгүн, 9-октябрда SUPER.KG порталына билдирди. Анын айтымында, каза болгон адам кечээ, 8-октябрда зыярат учурунда көз жумган. Учурда муфтият менен сапарда жүргөндөрдүн ортосунда байланыш жакшы болбой жаткандыктан, анын аты-жөнүн жана жаш курагын тактоого мүмкүн болбой жатат. 

Айта кетсек, 3-октябрда Сауд Арабиясында ажылык сапарда жүргөн 79 жаштагы кыргызстандык Жамилия Апазова каза болуп, сөөгү Мекке шаарында жерге берилген болчу.  

Бул жылы ажылык сапарга 3685 кыргызстандык кеткен. Зыяратчылар 11-октябрдан тартып кайтып келишет. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
MARGO55
2014-10-09 19:03:11
Ээ жараткан бейиштен орун берсин,зыяратты кабыл болсун,куноолоруну жараткан кечирсин,эээээх менин ата Энем да кашыбызга сак саламат кирип келишсин оомиин.
+4
jora.kg
2014-10-10 01:41:25
Жаткан жери жайлуу, зыяраты кабыл болсун!
+1
Ganibal87
2014-10-10 17:38:13
Оомин!!
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан