Вице-премьер-министр Эльвира Сариева бүгүн, 9-октябрда илим системин реформалоо боюнча жумушчу топтун биринчи отурумун өткөрдү. Сариева жумушчу топтун максаты - Кыргызстанда илимди уюштуруу системин жаңылоо экенин айтты. Жумушчу топ 3 айдын ичинде тармакты жакшыртуу боюнча сунуштарды иштеп чыгышы керек. Тийиштүү анализ жүргүзүлгөндөн кийин илимди башкаруу системи, кадрдык потенциалды көтөрүү боюнча чечимдер кабыл алынмакчы. "Алдыда чоң иштер турат, жумушчу топтун курамына Илимдер академиясынын, министрлик, мекемелердин өкүлдөрү кирди. Жумушчу топтун эксперттик топторду түзүү укугу бар",- деп билдирди Сариева.