Азербайжандын борбору Баку шаарында өтүп жаткан бал жарманкесинде кыргызстандык бал челекчилердин азык-түлүгү арзан болгондуктан, алар ур-токмокко алынышты. Бул тууралуу бүгүн, 9-октябрда азербайжандык басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматтарга ылайык, Кыргызстандын балынын баасы арзан болуп, жарманкенин коноктору ушул балды көп алып жатышкан. Жергиликтүү бал челекчилер буга нааразы болушуп, "силер азербайжан элин алдап жатасыңар" деген шылтоо менен мушташты башташкан. Баш аламандык бир нече мүнөткө созулуп, күзөт кызматкерлери келгенде гана токтотулган.