Кыргызстандын башкы прокурору Аида Салянова бүгүн, 9-октябрда Улуу Британиянын юстиция министри Лорд Эдвард Фолкс менен жолугушту. Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдиргендей, жолугушууда тараптар эки тараптуу кызматташтык, Максим Бакиевге тийиштүү маселелерди талкуулашты. Башкы прокурор учурда Максим Бакиев боюнча мыйзамдуу күчүнө кирген бир катар соттук чечимдер бар экенин белгиледи. Биринчи Май райондук сотунун 2014-жылдын 4-апрелиндеги чечими менен М.Бакиев (Улуу Британиянын жараны Шон Дейлини өлтүрүүгө аракетти уюштурганы үчүн) сыртынан өмүр бою эркинен ажыратылганын айтты. Жолугушуу жыйынтыгында тараптар КРнын Тышкы иштер министрлиги, Улуу Британиянын Кыргызстандагы элчилигинин астында кызматташтыкты мындан ары да улантууну макулдашканы айтылды.