Айыл чарба министри Таалайбек Айдаралиев Москвада жүрөт

Айыл чарба жана мелиорация министри Таалайбек Айдаралиев Шанхай Кызматташтык Уюмуна мүчө мамлекеттердин айыл чарба министрлеринин Москвадагы 3-кеңешмесине катышууда. Кыргызстандык делегациянын курамында аталган министрликтин Механизация жана энергия менен камсыздоо департаментинин директору Нурланбек Кожогулов жана башкалар бар. Кеңешме алкагында Москва шаарында "Агро-ИННОТЕК" жана “Алтын күз-2014” көргөзмө-жарманкелери да өтүүдө. Ага Орусиянын 70 аймагынын жана 25 мамлекеттин 2 миңден ашуун ишканалары катышып жатканы айтылды. "Мамлекеттер улуттук экспозицияларын: азык-түлүк, тамак-аш, кайра иштетилген айыл чарба азыктарын, айыл чарба техникаларын жана жабдыктарын көрсөтүп, тааныштырууда" деп билдирет министрлик.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан