Исмаил Исаков: "Азыркы шартта улуттук кийимчен ишке келип кетүү мүмкүн эмес"

"Азыркы шартта жумушка улуттук кийимчен келүү мүмкүн эмес". Мындай пикирди депутат Исмаил Исаков парламенттин 9-октябрдагы жыйынында билдирди. Депутат улуттук кийимди чиновниктер атайын иш-чараларда гана кийгени туура деп эсептейт. "Элестеткиле, айымдар жумушка элечек кийип келгенин. Таптакыр ыңгайсыз нерсени айтып жатабыз. Элечек эмес, кепка кийип унаага отуруу ыңгайсыз. Улуттук кийимдерди пропагандалоону колдойм, бирок бул мыйзам долбооруна каршымын",- деди депутат. 
Жыйында чиновниктерди эл аралык расмий жолугушууларда улуттук колоритти чагылдырган элементи бар кийим кийүүгө милдеттендире турган мыйзам долбоору каралып жаткан. Мыйзамдын демилгечиси Дамира Ниязалиева депутат Исаковду мыйзамды жакшылап окуп чыгып, анан пикир айтууга чакырды. "Такай улуттук кийим кийүү тууралуу сөз жок, улуттук колоритти чагылдырып турган элементи бар кийим жөнүндө кеп болууда",- деди ал. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан