Мурунку СССРдин президенти Михаил Горбачёв ооруканада жатат

Мурунку СССРдин президенти, "Нобель" сыйлыгынын лауреаты Михаил Горбачёв ооруканага жеткирилди. Муну мамлекеттик ишмер 9-октябрда орусиялык маалымат булактарына өзү билдирди. Айтымында, анын ден соолугу 8-октябрда кескин начарлап кеткен. "Менин абалым акыркы 7 күндөн бери анча эмес, бүгүн ооруканадамын. Күчөп кетти. Мониторинг алдында жатам, бары-жогу өткөргүч зымдар",- деп билдирген Горбачёв. Мурунку союздук өлкөлөрдүн президенти нобелдик жумалыкка сереп салууга ден соолугунун начарлашы тоскоол болуп жатканын кошумчалайт. Быйыл жайында анын сөөк жана кан тамыр илдетинен улам 2 апта ооруканада жатып чыкканы айтылган эле.  

Айта кетсек, 83 жаштагы Михаил Горбачёв "Нобель" сыйлыгына 1990-жылы лауреат болгон. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан