Биринчи вице-премьер-министр Тайырбек Сарпашев 9-октябрда Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын өкүлүн кабыл алды. Жолугушууда негизинен калкты таза суу менен камсыздоо маселеси талкууланды. Сарпашев көрсөткөн колдоосу үчүн аталган уюмга ыраазычылык билдирип, өлкөнү туруктуу өнүктүрүүнүн улуттук стратегиясын ишке ашыруунун алкагында таза суу менен камсыздоо жагына өзгөчө көңүл буруларын айтты. "Бул багытта биздин донорлор менен биргеликте активдүү иштер жүрүүдө. 2017-жылга чейин бир катар ири айылдарды таза суу менен камсыздоону жакшыртуу пландалууда",- деди вице-премьер.
Жолугушууда тараптар жылдын аягында "Токмок шаарынын канализациясын жана суу менен жабдуу системин реабилитациялоо" жана "Ош шаарынын коомдук транспорту" долбоорлору боюнча насыялык жана гранттык макулдашууларга кол коюуну белгилешти.