Бүгүн, 10-октябрда Бишкектеги “Ала-Арча” мамлекеттик резиденциясында Соттук реформа боюнча жумушчу кеңештин жыйынтыктоочу отуруму башталды. Иш-чара президенттик аппараттын башчысы Данияр Нарымбаевдин жетекчилигинин астында өтүп жатат.
Нарымбаевдин айтымында, буга чейин өткөн отурумдарда талкууланган мыйзам долбоорлору боюнча сын-пикирлер жана сунуштар айтылмакчы. “Бул мыйзам долбоорлору кабыл алынганга чейин коомдук жана парламенттик угуулар өтөт. Ушул мүмкүнчүлүктөн пайдаланып ар бир жаран өз пикирин айта алат”,- деди ал.
Айта кетсек, Соттук реформа боюнча жумушчу кеңешинин отурумдары ушул жылдын 30-сентябрында жана 7-октябрда өткөн. 17-октябрдагы отурум президент Алмазбек Атамбаевдин катышуусунда өтмөкчү.