Кыргызстанда 2014-жылдын 8 айында 4293 түгөй нике каттоосунан өтүштү. Муну 10-октябрда Мамлекеттик каттоо кызматынан билдиришти. Жыл башынан бери 34 миң түгөй мамилелерин мыйзамдаштырганы айтылды. Өлкөдө 8 айда 1220 түгөй ажырашкан. Маалыматка таянсак, жыл башынан бери өлкөдө 106 456 ымыркай төрөлсө, 923 бала кызыкдар тараптардын сунушу менен багылып алынды.