Алмазбек Атамбаев Кыргызстандын шахмат боюнча курама командасына акчалай жардам берди

Кыргызстандын шахмат боюнча курама командасына материалдык жардам көрсөтүлдү. Президент Алмазбек Атамбаев кол койгон буйрукка ылайык, 2014-жылдын 17-26-октябрында Орусиянын Санкт-Петербург шаарында өтүүчү эркектер арасында Орусиянын Кубогунун этабы - "М.И.Чигориндин мемориалы" шахмат боюнча эл аралык турнирине катышуучу Кыргызстандын курама командасынын чыгымдарын жабууга каражат бөлүндү. Президенттин резервдик фондунан бөлүнгөн акчанын суммасы 337 800 сом экенин президенттик аппараттын басма сөз кызматы билдирди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан