"Кыргызстандын Евразиялык экономикалык союзга кирүү боюнча жол картасы - өлкөнү биримдиктин талаптарына адаптациялай турган жаңы документ болот". Муну чет элдик маалымат булактарына Орусия президенти Владимир Путиндин жардамчысы Юрий Ушаков билдирди. Анын айтымында, Минскте 10-октябрда өтүүчү Жогорку евразиялык эономикалык кеңешинин жыйынында Кыргызстандын Бажы биримдигине кирүү боюнча жасап жаткан иштери талкууланат. Муну менен катар Армениянын Евразиялык экономикалык биримдикке кириши боюнча келишимге кол коюлат.
Айта кетсек, Минскте өтүүчү аталган кеңештин жыйынына Кыргызстандын президенти Алмазбек Атамбаев да катышууда.