Социалдык төлөм чогултуу иши Социалдык фонддон алынып, Мамлекеттик салык кызматына берилди

Социалдык төлөмдөрдү чогултуу жана башкаруу иши Социалдык фонддон алынып, Мамлекеттик салык кызматына берилди. Тийиштүү токтомго премьер-министр Жоомарт Оторбаев 9-октябрда кол койгонун өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди. Сунушталып жаткан "Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу жөнүндө" мыйзамга киргизилип жаткан түзөтүүлөр камсыздандыруу төгүмдөрүн чогултуу жана башкаруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органды аныктоо укугун өкмөткө берет. Буга чейин бул функция Социалдык фонддо болчу. Мындай өзгөртүүдө эл аралык тажрыйба да эске алынганы, көп өлкөлөрдө социалдык төлөмдөрдү чогултуу милдети Мамлекеттик салык органдарында экени айтылды.  

"Социалдык төлөмдөрдү башкарууну жакшыртуу, бул функцияны Мамлекеттик салык кызматына өткөрүп берүү бизнес-коомчулугунун көптөгөн кайрылууларынан, кеңири коомдук талкуулардан кийин кабыл алынды",- деп билдирет өкмөттүн басма сөз кызматы.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан