Аида Салянова Кылмыш-жаза кодексинин жаңы долбоорунун айрым беренелерине өзгөртүү киргизүүнү сунуштады

Бүгүн, 10-октябрда Бишкекте Соттук реформа боюнча жумушчу кеңештин жыйынтыктоочу отуруму өтүп жатат. 

Отурумда башкы прокурор Аида Салянова кеңеш иштеп чыккан Кылмыш-жаза кодексинин долбоорунун айрым беренелерине өзгөртүү жана аларга толуктоо киргизүүнү сунуштады. “Бул жаңы долбоордо жеңилдетүүчү механизм бар экен. Башкы прокуратура тарабынан жаза аткаруу боюнча сунуштар көбүрөөк чыкты. Биринчиден, өкмөт демилгелеген “Кылмыш жоопкерчиликтен иммунитет аркылуу бошотуу жөнүндө” беренесин алып салыш керек. Мындан тышкары зордук менен эмгекке салуу жана сойкулукка мажбурлоо үчүн айып пул салуу кажет”,- деди Салянова.

Андан соң башкы прокурор паракорчулук боюнча өз пикирин билдирди. “Коррупция боюнча беренелерди эл аралык эрежелерге ылайыктап коюу туура”,- деди ал.

Айта кетсек, Соттук реформа боюнча жумушчу кеңештин отурумдары ушул жылдын 30-сентябрында жана 7-октябрда өткөн. 17-октябрдагы отурум президент Алмазбек Атамбаевдин катышуусунда өтмөкчү.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан