Жогорку Кеңештин вице-спикери Асия Сасыкбаева 9-октябрда адам укуктарына арналган даректүү фильмдердин "Бир дүйнө Кыргызстан – 2014" 8-эл аралык фестивалынын катышуучулары менен жолугушту. Сасыкбаева адам укуктары боюнча даректүү фильмдердин фестивалы адам укуктарынын сакталышы жаатында жаңыча мамилелерди, жаңыча көз караштарды ачарын айтат. "Бизге фильмдерде камтылган темалар башынан тааныш, адам укуктарынын сакталышы жаатындагы көйгөйлөр деле бардык өлкөлөрдө бирдей эле",- деген депутат Кыргызстанда адам укуктарын, анын ичинде жарандардын социалдык-экономикалык укуктарын коргоого байланыштуу мыйзам базасын өркүндөтүү жагы каралып жатканын белгиледи.
Жолугушууда Кыргызстандагы адам укуктарын коргоо жаатындагы мыйзамдык база, өкмөттүк эмес уюмдардын ишин жөнгө салууга багытталган мыйзамдар тууралуу өз ара пикир алышты. "Мындай мыйзам демилгеси мындан бир нече жыл мурун да көтөрүлгөн. Азыркы мыйзам долбоору Жогорку Кеңештин Адам укуктары, конституциялык мыйзамдар жана мамлекеттик түзүлүш боюнча комитетине келип түштү. Мыйзам долбоору коомдук талкууга коюлуп, кызыкдар тараптардын кеңири талкуусуна алынат",- дешти жолугушууга катышкан башка депутаттар.