Алмазбек Атамбаев жана Нурсултан Назарбаев Минскте жолугушуп, энергетика боюнча сүйлөшүштү

Бүгүн, 10-октябрда Минск шаарында президент Алмазбек Атамбаев Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине мүчө мамлекеттердин башчыларынын кеңешинин жыйынына катышуунун алкагында Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев менен жолугушту. Бул тууралуу президенттик аппараттын маалыматтык-саясат бөлүмү билдирди.

Маалым болгондой, жолугушуунун жүрүшүндө мамлекет башчылары эки тараптуу жана көп форматтуу кызматташуунун түрдүү маселелерин талкуулашты. Алмазбек Атамбаев менен Нурсултан Назарбаев кыргыз-казак мамилелерин өнүктүрүүнүн кеңири спектри боюнча өз ара аракеттенишүү маселелерин талкуулап, энергетика тармагында кызматташууга басым жасашты.

Мындан тышкары мамлекет башчылары Алмазбек Атамбаевдин Казакстанга жакында боло турган мамлекеттик иш сапарына тиешелүү маселелерди талкуулашты.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан