Чоң-Алайдагы "Кайди" компаниясынын ишин жумушчу топ иликтейт

Геология жана минералдык ресурстар агенттигинин жетекчилери 9-октябрда Чоң-Алай районунун Дароот-Коргон айылынын тургундары менен жолугушту. Жолугушууда "Кара-Казык" алтын кенин иштетүү укугун алган "Кайди" компаниясынын ишмердүүлүгү талкууланды. Жарандар заводдун жаратылышка, тургундардын ден соолугуна тийгизген таасирин айтышып, компаниядан жергиликтүү аймакка жардам беришин талап кылышты. "Маалыматтар боюнча, ишкана мыйзамдарды бузууда, муну калыс иликтеп чыгуу зарыл",- дешти тургундар. Агенттиктин башчысы Дүйшөнбек Зилалиев: "Инвесторлор мыйзамдын нормаларын, жергиликтүү элдин каада-салтын урматташы керек. Жергиликтүү эл дагы өз кызыкчылыктарын мыйзамдын чегинде коргошу зарыл",- деп билдирди. 
Жыйынтыгында аталган компаниянын ишин иликтей турган жумушчу топ түзүү чечими кабыл алынды. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан