Жогорку Кеңеште пенсиялык системди реформалоо маселеси боюнча парламенттик угуу өттү

Бүгүн, 10-октябрда парламентте “Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу төгүмдөрүнүн тарифтери жөнүндө” мыйзам долбоорун талкуулоо үчүн парламенттик угуу өттү. Жогорку Кеңештин Социалдык саясат боюнча комитеттин төрайымы Дамира Ниязалиева өлкөнүн экономикасындагы өзгөрүүлөргө жана инфляцияга жараша пенсияларды индексациялоо зарыл экенин белгиледи. 

Социалдык фонддун төрагасы Мухаммедкалый Абылгазиевдин айтымында, мыйзам долбоору элет жериндеги өндүрүүчүлөр, ишкерлердин пенсиялык камсыздандыруу деңгээлин көтөрүүгө, жарандардын кесип өзгөчөлүгүнө карабастан, бардык жактар үчүн бирдей камсыздандыруу принцибин түзүүгө багытталган.

“Бул документте камсыздандыруу төгүмү белгиленген чен аркылуу эмес, мурунку жылы өлкөнүн райондору менен шаарларындагы орточо эмгек акыга жараша жүргүзүү тартиби каралган. Дыйкан чарбаларынын башчылары жана алардын үй-бүлөсү үчүн 2015-жылдын 1-январынан тарта алардын жер үлүшүнө жараша камсыздандыруу төгүмүнүн тариф ченин белгилөө чарасы каралууда. 25 жыл аралыгында камсыздандыруу төгүмдөрүн этабы менен төлөө шартында 2015-жылдан тарта пенсиянын камсыздандыруу бөлүгү 1029 сомду түзөт, бул азыркыдан 23 эсе арбын”,- дейт Социалдык фонддун төрагасы.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан