Бишкек шаарынын мэри Кубанычбек Кулматов шаар тургундарын жана конокторун Шаар күнү менен куттуктады. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы маалымдады.
Куттуктоонун тексти:
“Урматтуу Бишкек шаарынын тургундары! Кадырлуу коноктор!
Сиздерди Бишкек шаарынын күнү менен чын дилимден куттуктайм!
Бишкек - биздин сүйүктүү шаарыбыз! Бишкек шаары - Кыргызстандын алтын ордосу. Бишкек калаасы дайыма жогорку маданияттын жана илим-билимдин өрнөгү болуп келет. Бул жерде көп улуттун өкүлдөрү бир туугандай болуп, ынтымакта жашап жатышат.
Шаарыбыздын бир кылымдан ашык тарыхы нечендеген мыкты инсандардын тагдыры менен байланышып турат. Мурдагы Фрунзе шаары эң кооз, жашыл шаарлардын бири эле. Колунан китеп түшүрбөй, илим-билимге умтулган, келечекке ишенимдүү кадам таштаган жаштардын сүйүктүү борбору болгон. Ал кездеги адамдар бири-бирине мээримдүүлүк, кайрымдуулук менен кылган мамилеси өзгөчө сезилип турчу. Биздин өспүрүм жана жаштык кезибиз дагы ушул шаарда өткөн. Бул шаар биз үчүн ыйык журт.
Ырас, шаарыбыздын ичинде жасай турган иштерибиз али да арбын. Мисалы, шаар тургундарынын жашоо деңгээлин ар тараптан көтөрүү, шаардын инфраструктурасын кеңейтүү, улуттук маданиятыбыздын өзгөчөлүгүн даңазалоо, ишкерлер үчүн тиешелүү шарт түзүүгө жардам берүү. Албетте, аталган көйгөйлөрдү чечүү бир эле адамдын колунан келбейт. Шаарыбыздын келечеги үчүн баарыбыз биригип аракет кылабыз деп ишенем.
Учурдагы Бишкек – эгемендүү Кыргызстандын сыймыгы. Ошондуктан ар бирибиз шаарыбыздын кооздугун, тазалыгын, тартибин, башкача айтканда, анын өзгөчөлүгүн сактоого милдеттүүбүз.
Урматтуу шаардыктар!
Сиздерге чың ден соолук, бакубат жашоо, бакыт-таалай каалайм. Ар бир үйдө кут-береке толуп турсун! Борборубуз Бишкек мындан ары да гүлдөп, өнүгүп, өсө берсин! Бир бололу! Бар бололу!”