Алмазбек Атамбаев: "Бишкек эгемендүү мамлекеттин борбору катары өз алдынча дүркүрөп өнүгүүгө тийиш"

Президент Алмазбек Атамбаев бүгүн, 11-октябрда Бишкек шаарынын күнү менен кыргызстандыктарды куттуктады. Куттуктоодо булар айтылат:

"Урматтуу борбор шаарыбыздын тургундары жана меймандары!

Кымбаттуу мекендештер!

Бишкек шаарынын күнү менен чын дилимден куттуктайм!

Шаарыбыздын күнү - борбор калаанын тургундары үчүн гана эмес, бүтүндөй өлкөбүз үчүн абдан маанилүү окуя. Анткени Бишкек - Кыргызстандын жүрөгү. Өлкөбүздөгү көңүл көтөргөн салтанаттар, маанай чөгөрчү окуялар борбор шаарыбыз менен тыгыз байланышта өтөт. Бишкек эгемендиктин алгачкы жылдарындагы бардык кыйынчылыктарды баштан кечирди. Социалисттик экономиканы кайра түзүү, агрардык реформа, мамлекеттик мүлктү менчиктештирүү өлкөдө жумушсуздардын катарын көбөйтүп, ички мигранттар борборду карай умтулду. Бишкектин тегерегинде ондогон жаңы конуштар пайда болду. Бул жагдай ансыз дагы оор шартта калган шаарыбыздын абалын начарлатып, өнүгүүсүн басаңдатты.

Бүгүн биздин алдыбызда борборубузду өнүктүрүү жана көркүнө чыгаруу милдети турат. Бишкекти дүйнөдөгү өнүккөн алдынкы шаарлардын катарына кошуу зарыл. Бишкекте, жаңы конуштарда заманбап мектептерди, балдар бакчаларын жана ооруканаларды курууга милдеттүүбүз. Тургундарга жылуулукту жана электр энергиясын үзгүлтүксүз берүүгө тийишпиз. Шаардыктар үчүн бардык шарттарды түзүшүбүз керек. Көпчүлүктүн эсинде калган Фрунзе шаарынын жакшы тарыхый салттарын уланталы. Борбор калаабыз архитектуралык мурасты, эс алуу аймактарын, сейил бактарды сактап калууга тийиш. Бүгүнкү Бишкек - өнүгүү жолуна түшкөн, өлкөбүздүн миллиондон ашуун калкы жашаган заманбап шаар. Ишкерлер, соода борборлору, көп кабаттуу турак жайлар салынууда. Өлкөбүздөгү ишкерлердин, финансылардын ордосу.

Борборубуз өзү иштеп тапкан каражаттын аз гана бөлүгүнө ээлик кылганы калыстыкка жатпайт. Мындай жагдайды өзгөртүш керек. Бишкек өзүн толук камсыз кылуу менен бирге эгемендүү мамлекеттин борбору катары өз алдынча дүркүрөп өнүгүүгө тийиш. Бишкек ар дайым билимдин, жогорку маданияттын, ынтымактын жана биримдиктин борбору болуп келген. Бул саамалык - шаар тургундарынын эмгеги. Борбор шаарыбыздын далай мууну тынчтыктын жана ынтымактын жакшынакай салттарын түптөгөн. Учурда дагы борборубузда Кыргызстандагы бардык улуттун өкүлдөрү биримдикте жашап, эмгектенүүдө. Биз улуу муундун ушул жакшы салттарын көздүн карегиндей сактоого милдеттүүбүз.

Көпчүлүк үчүн Бишкек менен Фрунзе киндик каны тамган жер. Турмушундагы эң жакшы эскерүүлөр, окуялар өткөн шаар. Ал эскерүүлөр үй-бүлөлүк альбомдордун гана көркүн чыгарбастан, шаарыбыздын тарыхына айланары шексиз.

Урматтуу борбор шаарыбыздын тургундары!

Шаарыбыздын гүлдөп өнүгүшү бийликке гана жараша болбойт. Ар бирибиздин мамилебизге дагы байланыштуу. Борборубуздун ар бир тургуну жашоосун жакшыртууга, айлана-чөйрөсүн көрктөндүрүүгө умтулууга тийиш. Анткени бир элбиз, өлкөбүз бир, борборубуз дагы бир. Бишкек таза, жашыл жана бейпил шаар болушу үчүн бардыгыбыз жапа тырмак аракет кылышыбыз керек. Маданияттын бийик үлгүсүн көрсөткөн шаар катары Борбордук Азияда гана эмес, атыбыз алыска угулчу деңгээлге умтулалы. Кыргызстандык ар бир жаран, бишкектик ар бир тургун борбор калаасы менен сыймыктангыдай кылалы!

Борбор шаарыбыздын бардык тургундарына чың ден соолук, бакыт-таалай жана жакшылыктарды каалайм! Тынчтыкта жана ынтымакта жашагыла! Кыргызстаныбыз биримдикте өнүгүп-өсө берсин!"  

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан