Алмазбек Атамбаев энергетика жана өнөр жай министри Осмонбек Артыкбаевди кызматынан бошотту

Кыргызстандын энергетика жана өнөр жай министри Осмонбек Артыкбаев кызматынан бошотулду. Министрдин отставкага кетүү боюнча жазган арызын өлкө башчы Алмазбек Атамбаев бүгүн, 11-октябрда канааттандырып, тийиштүү буйрукка кол койду. Буйрук кол коюлган учурдан тартып күчүнө кирет. 

Эскерте кетсек, 9-октябрда президент Алмазбек Атамбаев энергетикадагы кырдаал боюнча билдирүү жасап, анда Энергетика жана өнөр жай министрлиги жаңы, иш билги жетекчиге муктаж экенин айткан эле. Ушул эле күнү министр Артыкбаев кызматтан кетүү арызын жазган. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан