Кубанычбек Турдубаев энергетика жана өнөр жай министринин милдетин аткаруучу болуп дайындалды

Кубанычбек Турдубаев энергетика жана өнөр жай министринин милдетин аткаруучу болуп дайындалды. Тийиштүү жарлыкка бүгүн, 11-октябрда президент Алмазбек Атамбаев кол койгонун президенттик аппараттан билдирди. Жарлыкта энергетика жана өнөр жай министринин милдетин аткаруучуну дайындоо менен бирге "КРнын Премьер-министри энергетика жана өнөр жай министринин кызмат ордуна К.А.Турдубаевдин талапкерлигин жактыруу жөнүндө сунушту Жогорку Кеңешке белгилеген тартипте киргизсин" деп белгиленет. Жарлык кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.

Кубанычбек Турдубаев:

Туулган жылы - 1972-жыл, 8-февраль.

Туулган жери - Чүй облусу.

Энергетика тармагында 1996-жылдан бери иштейт.

2010-жылдын апрель-сентябрь айларында "Чыгыш электр" ААКсынын башкы директору;

2010-жылдын ноябрынан 2011-жылдын майына чейин Энергетика жана өнөр жай министрлигине караштуу Энергетика жана газ боюнча мамлекеттик инспекциянын директорунун биринчи орун басары;

2011-2014-жылдары "Түндүк электр" ААКсынын техникалык директору, башкы директору;

2014-жылдын 12-майынан бери энергетика жана өнөр жай министринин орун басары болуп иштеп келген. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан