Жоомарт Оторбаев Бажы биримдигине кирүү менен өлкөдө товар өндүрүүнүн кескин өсөрүн айтты

Премьер-министр Жоомарт Оторбаев 10-октябрда Улуттук банктын жетекчилиги менен болгон жыйында акыркы жылдары банктардын кредиттик портфелинин көлөмү 40 пайызга чейин кескин көтөрүлгөнүн билдирди. Айтымында, бул бизнестин активдешкенинен кабар берет. "Бул өнүгүү ыргагын сактап калышыбыз жана колдоого алуубуз керек",- деди өкмөт башчы.

Премьер-министр билдиргендей, Кыргызстандын Бажы биримдигине киришине байланыштуу өлкөдө ата мекендик товарларды өндүрүүнүн кескин жогорулашы күтүлүүдө. “Кыргыз экономикасы дагы каржылык демилге жаратууга муктаж",- деген Оторбаев Улуттук банктын жетекчилигин экономиканы насыялоо көлөмүн олуттуу жогорулатуу жана жеке секторду каржылоодо жаңы технологияны пайдалануу маселесин карап чыгууга чакырды. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан