Жоомарт Оторбаев Казакстанга учуп кетти

Премьер-министр Жоомарт Оторбаев бүгүн, 13-октябрда иш сапары менен Казакстанга учуп кетти. Өкмөт жетекчиси Астана шаарында өтүүчү Кыргыз-казак өкмөттөр аралык кеңешинин 5-жыйынына катышарын өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди. Отурумда буга чейин эки өлкө ортосунда түзүлгөн келишимдерди ишке ашыруу маселелери талкууга алынат. Тактап айтканда, соода, энергетика, өндүрүш, транспорт, миграция жана башка олуттуу маселелер боюнча сүйлөшүү жүрөт. 
Жыйында негизги басым Евразия экономикалык интеграциясынын шартында өлкөлөр ортосундагы экономикалык кызматташтыкка жасалат. 
Айта кетсек, Кыргызстан Бажы союзуна кошулуу процессинин алкагында Евразия экономикалык мейкиндигине кошулууну пландоодо. Бул маселе 10-октябрда Минскте өткөн Евразия экономикалык коомчулугунун Мамлекеттер аралык кеңешинин жыйынында каралып, өлкө башчы Алмазбек Атамбаев Евразия экономикалык союзунун алкагында биргелешкен жемиштүү иштерди улантууга ишенерин билдирди. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан