Жогорку Кеңештин Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана региондук өнүгүү комитетинин 13-октябрдагы отурумунда Африка өлкөлөрүндө күч алып жаткан Эбола вирусу боюнча маселе көтөрүлдү.
Жыйында депутат Эсенгул Исаков бул жугуштуу ооруну Кыргызстанга киргизбөө үчүн чек ара бекеттерин бекемдөө керектигин айтты. “Орусиянын телеканалдары бул вирус ушул айдын аягында Орусияга келерин айтып жатышат. Өзүңөр билесиңер, биздин бир миллиондон ашуун жараныбыз Орусияда жүрөт. Алар мекенине келип-кетип турушат. Оору жуккандан кийин андан айыгуунун жолу жок болуп жатат. Биз ошон үчүн чек ара бекеттеринде көзөмөл пункттарын күчөтүшүбүз керек”,- деди Исаков.