Кубанычбек Кулматов борбор шаардын мэрлеринин арасынан эң начар мэр болууда. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана региондук өнүгүү комитетинин 13-октябрдагы жыйынында депутат Сайдулла Нышанов айтып чыкты. Анын билдиришинче, мэр начар иштегендиктен, шаардын борбордук көчөлөрү кароосуз калып, талкаланып жатат. “Көпчүлүк көчөлөр кароосуз калды. Карасаң жолдорду суу каптап, талкаланып кетти. Мэр иштебей жатат”,- деди Нышанов. Депутаттын сын-пикирин башка депутаттар да колдоого алышты.