Мамлекет башчы Алмазбек Атамбаев бүгүн, 13-октябрда өзгөчө кырдаалдар министри Кубатбек Бороновду кабыл алып, министрликтин кышка даярдыгын сурады. Жолугушууда министр өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу, авариялык кырдаалдарды жана анын кесепетин жоюу тууралуу президентке маалымат берди. Өлкө башчы жарандардын коопсуздугун камсыз кылуу, алардын өмүрүн коргоодо министрликтин иши маанилүү экенин айтып, кышка карата авариялык-куткаруу кызматынын даярдыгын бекемдөөнү тапшырды.