Бүгүн, 13-октябрда Жогорку Кеңештин Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана региондук өнүгүү боюнча комитети “Кыргыз Республикасынын 2015-жылга республикалык бюджети жана 2016-2017-жылдарга болжолу жөнүндө” мыйзам долбоорун талкуулады. Депутаттардын суроолоруна биринчи вице-премьер-министр Тайырбек Сарпашев жооп берди. Жыйында депутаттар аталган мыйзам долбооруна бир катар өзгөртүүлөрдү киргизүүнү сунушташты.
Талкуу соңунда комитет айыл чарба, ветеринария багытындагы сунуштарды киргизүү менен мыйзам долбоорун биринчи окууда жактырышты.