Бүгүн, 13-октябрда Жогорку Кеңештин Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана региондук өнүгүү комитетинин жыйынында “Ветеринария жөнүндө” мыйзам долбоорун четке кагуу тууралуу чечим кабыл алынды. Экономика министринин орун басары Адылбек Касымалиевдин айтымында, мыйзам долбоору жаныбарларда жугуштуу оорулардын чыгышынан жана жайылышынан коргоону камсыздоо, малдын башын көбөйтүү, Бажы биримдигиндеги мамлекеттерге айыл чарба продукцияларын экспортоо максатында иштелип чыккан.
Талкууда комитет мүчөлөрү ветеринария боюнча көйгөйлөр 2011-жылдан бери иликтенип, “Ветеринария жөнүндө” мыйзам долбоору депутат Талантбек Узакбаев тарабынан демилгеленип, анын концепциясы 1-окууда жактырылгандыгын эске салышып, эки мыйзам долбоорун бириктирүү керектигин айтышты.