Чүйдө окумуштуу Жусуп Баласагынга арналган илимий конференция өттү

12-октябрда Чүй районунун Дөң-Арык айылында окумуштуу Жусуп Баласагынга арналган илимий-практикалык конференция өттү. Иш-чарада академик Аскар Какеев менен депутат Каныбек Осмоналиев баяндама жасашты. Какеев негизинен Жусуп Баласагындын философиялык эмгектерине басым жасаса, Осмоналиев Баласагындын илимий жетишкендиктерин далилдөө менен анын окутуучулук-педагогикалык эмгектерин белгиледи. Айрыкча Жусуп Баласагындын мамлекетти түптөөдөгү жана аны бекемдөөдөгү эмгектерин белгилеп, мындан миң жыл илгери эле анын таза, коррупциясыз мамлекетти кандай түзүүгө боло тургандыгын көрсөткөн илимий сунуштарына баа берди. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан