Сайдулла Нышанов ветеринария жөнүндө өкмөт сунуштаган демилгени сындады

Өкмөттүн ветеринария жөнүндө сунуштаган демилгесинде эч кандай логика жок”,- деп билдирди депутат Сайдулла Нышанов 13-октябрда Жогорку Кеңештин Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана региондук өнүгүү комитетинин жыйынында. Жыйында өкмөт демилгелеген “Ветеринария жөнүндө” мыйзам долбоору каралды.

Анын айтымында, өкмөт буга чейин депутаттар демилгелеген мыйзамдарга окшош мыйзам долбоор сунуштап жатат. Маселе ким тарабынан демилгеленип жатканында эмес, бирок өкмөт өзүнө аброй топтош үчүн эле депутаттар сунуш кылып келген мыйзам долбоорлорун кайра сунуш кылып жатышат. Азыр кеминде 50 жылга кызмат кыла турган сапаттуу мыйзам зарыл. Ветеринария жөнүндө депутат Талант Узакбаев 2010-жылы парламентке келгенден бери ушул багытта аракет кылып, жакында эле ушул багыттагы долбоор алып келди. Ал 1-окууда жактырылган”,- деди Нышанов.

 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан