Марат Султанов: "Бажы союзундагы өлкөлөрдү бирдиктүү валютага өткөрүүгө азырынча эрте"

Бажы союзундагы өлкөлөрдү бирдиктүү валютага өткөрүүгө азырынча эрте. Муну депутат Марат Султановго шилтеме берүү менен 13-октябрда парламенттин басма сөз кызматы билдирди. Депутат аталган биримдикке Кыргызстандын киришин колдойт. "Жаңыдан түзүлүп жаткан Бирдиктүү экономикалык мейкиндикке да башынан кирүү туура. Бажы биримдиги менен Бирдиктүү экономикалык мейкиндик бири-бирине тыгыз байланышкан уюмдар, менимче, ага башында тең кошулган өлкөлөр гана тең ата сүйлөшө алат",- дейт ал.

Кыргызстандын Бажы биримдигине кошулушу өлкөнүн Дүйнөлүк соода уюмуна мүчөлүгүнө тоскоол болбой турганын айткан депутат "Орусия менен Армения деле Дүйнөлүк сода уюмунун мүчөсү, Казакстан дагы жакында киргени турат. Бажы биримдиги менен Бирдиктүү экономикалык мейкиндик уюмдарында бул жагынан анчалык деле тоскоолдук болбойт. Бирок анын мүчөлөрү бул маселе жаатында алдын ала сүйлөшүп алышы керек" деди.

Марат Султанов Бажы союзуна кирүүнүн артыкчылыгы жана кемчилиги тууралуу буларды кошумчалады:

"Бажы биримдигине кирип алып, кийин уят болуп калбайбызбы?" деген сөздөр айтылууда. Мен аларга "Азыр кирбей калып, кийин уят болуп калбайбызбы?" деп суроо бергим келет. Бирок бул уюмдун келишиминде уюмдан чыгуу механизмдери сөзсүз камтылышы керек. Себеби уюмдан чыгууга зарылчылыктар жаралып калышы мүмкүн". 

Султановдун билдиришинче, Бажы биримдиги менен Бирдиктүү экономикалык мейкиндиктин алкагында бирдиктүү валюта киргизүүгө азырынча эрте. "Бул уюмга кирген өлкөлөрдүн каржылык, анын ичинде акча-насыя саясатында өзгөчөлүктөр бар. Экономикалык өсүү деңгээли да бирдей эмес, ошондуктан бирдиктүү валютага өтүүгө азырынча эртелик кылат",- дейт депутат. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан