Бишкектеги ветеринардык лабораторияга тийиштүү жердин сатылып кетишин Башкы прокуратура иликтейт

Бишкектеги ветеринардык лабораторияга тийиштүү жер тилкесинин сатылып кетишин Башкы прокуратура иликтейт. Жогорку Кеңештин Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана аймактык өнүгүү комитети 13-октябрдагы жыйынында Башкы прокуратурага бул ишти иликтөө тапшырмасын берди. Республикалык ветеринардык диагностика жана экспертиза борборунун директору Асан Кыдыргычев депутаттардын суроолоруна жооп берип жатып буларды айтты:

Бул маселе 2006-жылдан бери көтөрүлүп келет. Жалпы аянты 1617 чарчы метрди түзгөн лабораторияга тиешелүү жерди мурунку мамлекеттик мүлк министри Турсун Турдумамбетов “Ага Трейд” ишканасына 332 442 сомго сатып жиберген. Башкы прокуратура текшерүүнү баштагандан кийин ишкана аны Черникбаев деген жаранга саткан. Черникбаевден Каракеев деген адам 199 миң долларга сатып алып, ошол эле күнү Курманкожоев деген кишиге 199 миң долларга саткан. Жер тилкесинин баасы 8 миллион 17 960 сом деп бааланган. Ал жакта бааланбай калган имарат да болгон. Мамлекеттик казынага 5 миллион сомдун түшпөй калуу фактысы боюнча кылмыш иши ачылган

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан