Баткен облусундагы Кызыл-Кыя шаардык сотунун төрагасы Жанышбек Ашыровдун кызматтык ыйгарым укуктары узартылды. Тийиштүү буйрукка 13-октябрда президент Алмазбек Атамбаев кол койгонун президенттик аппараттан билдирди. Өлкө башчынын башка буйругу менен Нарын облусунун Жумгал райондук сотунун төрагасы Жыргалбек Өмүрзаков ден соолугунун начарлашына байланыштуу кызматынан бошотулду. Буйруктар кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.