Жаңы дайындалган маданият, маалымат жана туризм министри Алтынбек Максүтов бүгүн, 13-октябрда жамаатка тааныштырылды. Жаңы министрди мекеменин кызматкерлерине вице-премьер-министр Эльвира Сариева тааныштырып, министрликтин негизги милдети маданий жайларды башкарууну жакшыртуу, театр жана музейлердин ишмердүүлүгүн өнүктүрүү, тармакка керектүү кадрларды даярдоо экенин белгиледи. Туризм тармагын көтөрүү жана 2015-жылы санариптик берүүгө өтүү маселеси тууралуу да сөз болгонун өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.