Түркия менен Сириянын чектеш аймагындагы Кобани шаары дүйнө жүзүнүн көңүл борборунда. Аймактагы күрддөр болгон аракети менен "Ислам мамлекети" тобунун чабуулдарынан коргонууда. Акыркы ызы-чууларда америкалык авиация күрд тарапты колдоп абадан сокку урду. Түркия тараптагы сириялык качкындар менен күрд кошуундары расмий Анкарадан Кобанидеги боордошторуна өтүп барууга уруксат берүүнү сурап жатышат. Күрддөрдү "исламчылардын" соккуларынан аман алып калууну эл аралык коомчулуктан өтүнүшүүдө. Чет элдик маалымат булактарында жарыяланган сүрөттөр топтому, Кобанинин азыркы абалы төмөндө.