Феруза Жамашева Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин Экономикалык Сотунун Ардак грамотасы менен сыйланды

Жогорку Соттун төрайымы Феруза Жамашева Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин Экономикалык Сотунун Ардак грамотасы менен сыйланды. Бул тууралуу бүгүн, 13-октябрда Жогорку Соттун басма сөз кызматы билдирди. Маалыматта айтылгандай, бүгүн Бишкекте КМШнын Экономикалык Сотунун пленумунун отуруму болуп өттү. Анда КМШнын Экономикалык Сотуна караштуу Илимий-консультативдик кеңеш жөнүндө, КМШнын Экономикалык Сотунун регламентине өзгөртүү жана толуктоо киргизүү, КМШнын Экономикалык Сотунун Ардак грамотасы менен сыйлоо жана башка маселелер талкууланды. Соңунда КМШнын Экономикалык Сотунун төрайымы Людмила Каменкова Жогорку Соттун төрайымы Феруза Жамашеваны Ардак грамота менен сыйлады.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан