Алмазбек Атамбаев Бишкектин Ленин райондук сотунун 2 судьясын кызматтан бошотту

Бишкек шаарындагы Ленин райондук сотунун судьялары Гүлнара Курманова менен Каныбек Өмүрканов мөөнөтүнөн мурда кызматтарынан бошотулушту. Тийиштүү буйрукка бүгүн, 13-октябрда президент Алмазбек Атамбаев кол койду. Аталган судьяларды кызматтан бошотуу КРнын Судьялар кеңеши тарабынан берилгенин президенттик аппараттын басма сөз кызматы билдирди. Буйрук кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.  
Өлкө башчынын башка буйругу менен Чүй облусунун Москва райондук сотунун судьясы Нурлан Ажибековдун кызматтык ыйгарым укуктары узартылды. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан