Меймандос кыргыз жергесине кош келиңиздер!
Дүйнөнүн 17 өлкөсүнүн жаш муундары катышкан 19-Эл аралык олимпиаданын өтүп жатышы бизде астрономиянын чоң майрамына айланды. Бул окуя Кыргызстанда космос жөнүндө билимди өнүктүрүүнүн жаңы доорун баштоого жакшы дем берет. Байыртан көчмөн ата-бабаларыбыз жылдыздарды изилдөөгө өзгөчө маани берген. Аларга байкоо жүргүзүү үчүн атайын аспаптары жок болсо да, асмандагы жылдыздардын жайгашуусун мыкты билип, Ай менен Күндүн алмашуу ыраатына көз салып турушкан. Ал тургай 12 жылдык мүчөлдү негиз кылып, өздөрүнүн календарын түзүшкөн.
Астрономия илимин үйрөнүү эч качан маанисин жоготкон эмес. Космосту жигердүү өздөштүрүү жана башка цивилизациялар менен байланыштарды издөө жүрүп жаткан XXI кылымда бул илимге өзгөчө көңүл бөлүнүүдө.
Байыркы бабаларыбыздын салттуу билимине, өзүбүздүн изилдөөлөрүбүзгө, чет элдик кесиптештердин тажрыйбасына таянып, учурда окумуштууларыбыз астрономия жана астрофизика тармагында жаңы ачылыштарды жасоого умтулууда.
Астрономия боюнча окумуштуулардын татыктуу жаңы мууну өсүп келе жаткандыгы жакшы жышаан. Өлкөбүздө астрономия боюнча билим берген саналуу мекемелердин бири – республикалык "Алтын түйүн" балдар инженердик-техникалык академиясы. Балдардын "Созвездие" астроклубуна быйыл 8 жыл толду. Кыргызстандык жаш астрономдор - көптөгөн эл аралык ири олимпиадалардын жеңүүчүлөрү.
Ардактуу жаш достор!
Эл аралык олимпиаданын катышуучуларына чың ден соолук жана ийгиликтерди каалайм! Өлкөлөр ортосундагы достук чыңдала берсин. Астрономия илимин терең үйрөнүү боюнча умтулууңар жаңы жетишкендиктерге жана ачылыштарга өбөлгө болсун!"