Жоомарт Оторбаев Казакстандын өкмөт башчысы менен Казакстандан Кыргызстанга кошумча электр энергиясын алуу боюнча сүйлөштү

Бүгүн, 13-октябрда премьер-министр Жоомарт Оторбаев Казакстандын премьер-министри Карим Масимов менен жолугушту. Анда өкмөт башчылары экономика, транспорт, миграция, өнөр жай, маданий-гуманитардык кызматташтык жана чек араны коргоо маселелерин талкуулашты. Жолугушуудагы негизги тема Кыргызстанга Казакстандан кошумча электр энергиясын алуу маселеси болду. Мындан тышкары премьер-министрлер Кыргызстандын Евразиялык экономикалык союзга жана Бажы биримдигине кирүү боюнча жол картасынын алкагында жардам көрсөтүү маселесин талкууга алышты.

Жолугушууда Кыргызстанга мунайзат алып келүү жана экспорттук төлөмдөрдү азайтуу мүмкүнчүлүктөрү талкууланганын өкмөттүн басма сөз кызматы кабарлады. 

Айта кетсек, Жоомарт Оторбаев бүгүн Астанада иш сапары менен болду. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан