Депутаттар коомдук жайларда тамеки чегүүгө тыюу салууну сунуштоодо

Жогорку Кеңештин Социалдык саясат комитетинин 14-октябрдагы жыйынында “Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүү киргизүү жөнүндө” (тамеки чегүүнү кыскартуу жөнүндө) мыйзам долбоору каралып жатат. Демилгечи депутаттардын бири Дастан Бекешевдин айтымында, мыйзам долбоору жарандардын коомдук жайларда тамеки чегүүсүнө тыюу салат. “Тамеки - жеңил баңгизаты. Аны чеккен адам кайра таштай албайт. Бирок аэропорт, автобекет сыяктуу коомдук жайларда тамеки чегүүгө тыюу салынышы керек. Ошондой эле тамекини жарнамалоого тыюу салынат”,- деди Бекешев.  
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан