Дастан Бекешев "коомдук жайларда тамеки чегүүнү биринчи депутаттар өздөрү токтотушу керек" деди

Депутаттардын парламент ичинде тамеки чегүүсүнө чектөө киргизиш керек. Бул тууралуу депутат Дастан Бекешев Жогорку Кеңештин 14-октябрдагы жыйынында коомдук жайларда тамеки тартууга тыюу салган мыйзам долбоорун талкуулап жатып айтты. Бекешев кесиптештеринин парламенттин ичинде тамеки чеккенине нааразы. “Эл өкүлдөрү өздөрү жыйындан чыга калып, фойеде тамеки чегип жатышат. Аны телеканалдардан көрсөтүүдө. Бул өтө туура эмес, анткени биздин айтканыбыз менен жасаган ишибиз шайкеш келбей жатат",- деди ал.

Депутат Дамира Ниязалиева тамеки кутучасынын сыртындагы Саламаттык сактоо министрлигинин эскертүүсүн алмаштырууну сунуш кылды. “Министрликтин бул жазуусуна бир топ жыл болду. Ошон үчүн эл көнүп деле калды. Муну алмаштырып, рак ооруларын пайда кыла турганын көрсөткөн сүрөттөрдү чапташ керек”,- деди Ниязалиева.   

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан